Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Турак жайдын, үйдүн ж. б. ички тарабы, ич жагы. Ичкери киргиле,– деп Зейпи бөлмөнүн эшигин ачты (Абдукаримов). Эшикти акырын чертсем, ичкериден жооп болбоду (Мавлянов). 2. Ич жакты карай, илгери карай. Базыл жобураган бойдон ичкери жөрмөлөдү (Касымбеков). 3. Чет жактагы эмес, ички борбордук тараптагы, ичкерки. Ичкери шаарларда окушка Осмонкулга мүмкүнчүлүк болгон жок («Ала-Тоо»).